Төлөм талаштарын толугу менен жокко чыгаруу мүмкүн эмес. Бирок сатууну жана буйрутмаларды иштеп чыгууну туура уюштуруу негизсиз дооматтардын ыктымалдуулугун азайтууга жардам берет.
3-D Secure технологиясын колдонуу
3-D Secure — бул онлайн-төлөмдө карта ээсин кошумча аутентификациялоо технологиясы.
Сценарийге жараша банк бир жолку коддун, банктык тиркеменин же аутентификациянын башка ыкмасынын жардамы менен сатып алуучунун инсандыгын ырастай алат.
3-D Secure колдонуу авторизацияланбаган төлөмдөрдүн тобокелдигин азайтууга жардам берет. Айрым учурларда ийгиликтүү аутентификация алдамчылык операциясы үчүн жоопкерчиликти төлөмдүн катышуучулары ортосунда бөлүштүрүүгө да таасирин тийгизет.
Бирок бул технология чарджбэктердин бардык түрлөрүнөн коргобойт. Мисалы, сатып алуучу мурдагыдай эле товар алынбаганы себеби боюнча төлөмдү талаша алат.
Буйрутмаларды жана жеткирүүнү тастыктоолорду сактоо
Милдеттенмелердин аткарылышын документалдык түрдө тастыктоо — интернет-дүкөндү коргоонун негизги куралдарынын бири.
Төмөнкүлөрдү сактоо пайдалуу:
- буйрутманын номерин жана датасын;
- төлөмдүн суммасын жана идентификаторун;
- сатып алууну тариздөөнүн тастыктоосун;
- сатылып алынган товардын сүрөттөмөсүн;
- жөнөтүү жөнүндө маалыматтарды;
- жеткирүүнүн трек-номерин;
- товардын алынганын тастыктоону;
- сатып алуучу менен жазышууларды;
- кызмат көрсөтүлгөнү жөнүндө документтерди.
Эгерде кеп санариптик продукт жөнүндө болуп жатса, активдештирүү, кирүү мүмкүнчүлүгүн берүү же сервисти колдонуу жөнүндө маалыматтар талап кылынышы мүмкүн.
Талаш келип чыкканда мындай маалымат дүкөн өз милдеттенмелерин аткарганын ырастоого жардам берет. Муну менен бирге далилдердин курамы талашуунун себебине жана төлөм тутумунун талаптарына жараша болот.
Товарга жана кызматка толук сүрөттөмө берүү
Кээде чарджбэкке сатып алуучунун күтүүлөрү менен иш жүзүндөгү товардын ортосундагы айырма себеп болот.
Эгерде товардын карточкасында толук эмес мүнөздөмөлөр көрсөтүлсө, маанилүү шарттар жок болсо же чыныгы продуктту чагылдырбаган сүрөттөр колдонулса, кардар сүрөттөмөгө ылайык келбестигин билдириши мүмкүн.
Бул тобокелчиликти азайтуу үчүн интернет-дүкөн товарлардын таамай мүнөздөмөлөрүн, чыныгы сүрөттөрүн,комплектациясы, жеткирүү мөөнөттөрү жана колдонуу шарттары жөнүндө маалыматтарды жайгаштырышы керек.
Сүрөттөмө канчалык деталдуу жана түшүнүктүү болсо, талаштуу кырдаалдардын келип чыгуу ыктымалдыгы ошончолук аз болот.
Кайтаруу шарттарын ачык-айкын кылуу
Сатып алуучу кайсы учурларда кайтаруу мүмкүн экенин, кайрылууну кантип берүү керектигин жана сурамды карап чыгуу үчүн кандай мөөнөттөр каралганын алдын ала түшүнүшү керек.
Кайтаруу саясатын сайтта жеткиликтүү бөлүмгө жайгаштыруу, ал эми маанилүү шарттарды сатып алуу аяктаганга чейин кабарлоо сунушталат.
Эгерде кардар дүкөн менен кантип байланышууну жана жардам алууну билсе, ага дароо банкка кайрылбай,маселени түз чечүү оңойураак болот.
Муну менен бирге дүкөндүн эрежелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келиши жана керектөөчүлөрдүн мыйзам менен белгиленген укуктарын чектебеши керек.
Антифрод-куралдарды колдонуу
Антифрод-тутумдар шектүү операцияларды табууга жана алдамчылык төлөмдөрүнүн ыктымалдуулугун азайтууга жардам берет.
Мисалы, кошумча текшерүүнү адаттан тыш ири буйрутмалар, кыска убакыттын ичинде төлөөгө көп сандагы аракеттер же бир түзмөктөн адаттан тыш активдүүлүк талап кылышы мүмкүн.
Антифрод-мониторинг транзакциянын түрдүү параметрлерин эске алып, потенциалдуу тобокелчиликтин белгилеринин айкалышын аныктай алат.
Төлөмдөрдүн жана кайтаруулардын статустарын көзөмөлдөө
Интернет-дүкөн үчүн кайсы төлөмдөр ийгиликтүү өткөнүн, кайсынысы четке кагылганын жана кайсы операциялар боюнча кайтаруулар таризделгенин түшүнүү маанилүү.
Буйрутмаларды төлөм маалыматтары менен үзгүлтүксүз салыштырып текшерүү каталарды, кайталап эсептен чыгарууларды жана дооматтарга себеп болушу мүмкүн болгон башка кырдаалдарды табууга жардам берет.
Ошондой эле бир операция боюнча кайрадан кайтарууну жокко чыгаруу маанилүү, мисалы, дүкөн кардарга кайтарууну тариздеп койгондон кийин ошол эле төлөмдү талашуу жөнүндө билдирүү алган учурда.